Боррель Түркияга дагы бир жолу ыраазычылык билдирди

Боррель Жер Ортолук деңизи боюнча Биримдиктин 7-Аймактык форумунун ачылышында сөз сүйлөдү.

1910693
Боррель Түркияга дагы бир жолу ыраазычылык билдирди

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель, Украина-Орусия согушунун кесепеттерине токтолуп, Кара деңиз дан коридору келишиминин узартылышына кошкон салымы үчүн Түркияга дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.

Боррель штаб-квартирасы Испаниянын Барселона шаарында жайгашкан Жер Ортолук деңизи боюнча Биримдиктин 7-Аймактык форумунун ачылышында сөз сүйлөдү.

Украина-Орусия согушунун Жер Ортолук деңизинин түштүк жээгиндеги өлкөлөр менен карым-катнаштарына зыян келтирбеши керектигин айткан Боррель «бул кагылышуунун терс кесепеттерин минималдаштыруу зарылдыгын» баса белгиледи.

Боррель өз сөзүндө Жер Ортолук деңизинин түндүгүндө жана түштүгүндө «экономикалык ажырымдын» кеңейип баратканын да белгилеп, дагы көбүрөөк кызматташууга чакырды.

«Дүйнөдөгү эң терең тең салмаксыздардын бири болгон жана ого бетер курчуган Жер Ортолук деңизинин эки тарабынын ортосундагы экономикалык ажырымды жоюу үчүн күч-аракетибизди күчөтүшүбүз керек» деген Боррель, өзгөчө жаштарга байланыштуу долбоорлордо абдан тез жана эффективдүү иш-аракеттерге муктаждык бар экенине басым жасады.

Боррель климаттын өзгөрүүсү жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын артыкчылыктарын талкуулоо үчүн илимий кызматташтыкты күчтөндүрүү, аялдардын коомдук турмушка жана чечимдерди кабыл алуу процесстерине жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү боюнча өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн Биримдиктин мүчөлөрүн көбүрөөк күч-аракет жумшоого чакырды.



Тектеш кабарлар