АКШ УКраинага кошумча аскердик жардам берет

Энтони Блинекен Америка армиясынын инвентаризациясынан Украинага 400 миллион долларлык кошумча ок  - дары жана жабдык бере тургандарын жарыялады.

1910489
АКШ  УКраинага кошумча аскердик жардам берет

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинекен Америка армиясынын инвентаризациясынан Украинага 400 миллион долларлык кошумча ок  - дары жана жабдык бере тургандарын жарыялады.

Блинкен берген жазуу түрүндөгү маалыматында : «АКШ Кремлдин орчундуу энергия  инфраструктурасына карата аесуз кол салуулары менен бирге Украинанын өзүн коргоосуна жардам берүү үчүн кошумча аскердик жардам менен Украинаны колдоону улантууда»,- деди.

АКШнын президенти Жо Байден берген уруксаттын негизинде Украинага карата  АКШнын инвентаризациясынан 26 -  жолу курал жана жабдыктардын чыгарыла тургандыгын белгилеген Блинкен коргоо министрлигинин инвентаризациясынан алынган 400 миллион долларлык пакетте кошумча курал, ок  - дары жана абадан коргонуу каражаттарынын бар экендигин билдирди.

Блинкен бул пакет менен Украинага аскердик жардамдардын 19, 7 миллиард долларга жетерин  айтты.

Артиллериялык ок-дарылар, так атуулар, абадан коргонуу ракеталары жана тактикалык унаалардын согуш талаасында Украинага пайда алып келерин баса белгилеген Блинкен : «Британиянын  премьер  - министри (Риши) Сунактын Киевге жасаган акыркы сапарында сунуш кылган 50 миллион стерлингдик абадан коргоо системалары да болуу менен аракеттерибизге Франция жана Британия да кошулууда. Өзгөчө Швециянын акыркы абадан коргонуу убадасы 300 миллион АКШ долларын түзөт. Өзүн коргоону улантуусу жана убагы келгенде сүйлөшүү столунда мүмкүн болгон эң күчтүү позицияда болушу үчүн канча убакыт талап кылынбасын колдоону улантабыз»,-деди.

 



Тектеш кабарлар