Украинадан Кенияга буудай колдоосу

Кениянын вице-президенти Ригатхи Гачагуа басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө, Украинадан жөнөтүлгөн 25 миң тонна буудайды алгандарын айтты.

1909757
Украинадан Кенияга буудай колдоосу

Көптөн бери жаан-чачындын жетишсиздигинен улам кургакчылык менен күрөшүп жаткан Кенияга Украинадан 25 миң тонна буудай берилгендиги маалымдалды.

Кениянын вице-президенти Ригатхи Гачагуа басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө, Украинадан жөнөтүлгөн 25 миң тонна буудайды алгандарын айтты.

Өлкөсүндө кургакчылыктын уланып жатканын белгилеген Гачагуа, алынган буудайдын азык-түлүк маселеси бар аймактарга таратыла турганын кабарлады.

Гачагуа: «Биздин булактар климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери менен күрөшүүгө жетишсиз. Кургакчылыктын кесепеттерин азайтуу үчүн жардам сурап жатабыз»,-деди.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, Кенияда кеминде 4 миллион 35 миң адам тамак-аш көйгөйүнө дуушар болсо, 5 миллионго жакын адам жетиштүү таза сууга жетпейт.

Чыгыш Африкада Кениядан тышкары Сомали жана Эфиопия кургакчылыктан эң көп жабыр тарткан өлкөлөрдүн катарына кирет. Үч өлкөдө кеминде 36 миллиондон ашуун адам кургакчылыктан таасирленди.



Тектеш кабарлар