Украинадагы ооруканага ракеталык кол салуу болду

Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык тармактагы баракчасынан, Волнянск ооруканасынын төрөт бөлүмүнө тийген ракетанын кесепетинен бир ымыркайдын каза болгонун билдирди.

1910009
Украинадагы ооруканага ракеталык кол салуу болду

Украинанын Волнянск шаарындагы ооруканага ракеталык кол салууда бир ымыркай каза болуп, көптөгөн адамдар урандылардын астында калды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык тармактагы баракчасынан, Волнянск ооруканасынын төрөт бөлүмүнө тийген ракетанын кесепетинен бир ымыркайдын каза болгонун билдирди.

Зеленский бир аялдын жаракат алганын жана урандылардын арасында дагы деле адамдардын бар экенин белгиледи.

Бомбалоонун натыйжасында имаратта чыккан өрт өчүрүлдү.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар