Израиль аскерлери палестиналык бир баланы өлтүрдү

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматка караганда, Наблус шаарында  Израиль аскерлери  тинтүү учурунда ок атып, жүрөгүнөн жаракат алган Ахмед Эмжед Шахаде каза болду.

1909807
Израиль аскерлери палестиналык бир баланы өлтүрдү

Израил аскерлери басып алган Батыш Шериадагы Наблус шаарында 16 жаштагы палестиналык баланы өлтүрүштү.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматка караганда, Наблус шаарында  Израиль аскерлери  тинтүү учурунда ок атып, жүрөгүнөн жаракат алган Ахмед Эмжед Шахаде каза болду.   

Маалыматта өзгөчө Наблуста Изриаль аскерлеринин киришине тоскоол болууга аракет кылган палестиналыктар менен чыккан кагылышууда 5 палестиналык да жаракат алды, алардын ичинен бирөөсүнүн оор жаракат алгандыгы жарыяланды. 

Палестина Кызылайынан берилген маалыматка караганда баскынчы күчтөрдүн ал жердеги жаралууларга жардам берген медициналык кызматкерлерине да ок атып жана унаалардын бирөөсүнө ок тийгендиги билдирилди. 

Аймактагы көргөн күбөлөрдүн берген маалыматына караганда мыйзамсыз еврей орутукташуучулардын Наблустун чыгышындагы Юсуф Макамы деп аталган мечитте жасаган тинтүүсүндө өздөрүн коргоо максатында чоң бир аскердик бульдозер менен кирди. 

Шаарга карата тинтүүгө каршы чыккан палестиналыктар менен Израиль аскерлеринин ортосунда чыккан кагылышууда баскынчы күчтөр элге карата чыныгы ок атты. 

 

 

 



Тектеш кабарлар