Ирак Ливан банктары менен биргелешкен процедураларды токтотту

Ирактын Борбордук банкынан өлкөдөгү банктарга расмий кат жиберилди.

1910189
Ирак Ливан банктары менен биргелешкен процедураларды токтотту

Ирактын Борбордук банкы Ливандын банктары менен биргелешкен операцияларды токтотуу чечимин чыгарды.

Ирактын Борбордук банкынан өлкөдөгү банктарга расмий кат жиберилди.

Жазууда : "Иш кызыкчылыгы жана көзөмөлдөө  негизи менен Ливан банктарынан Иракка таандык Рафидейн жана Решид банктарынын Бейрут филиалдарына баланс которуу иши токтотулду",- деп айтылды.

Ирак Борбордук банкынын төрага орун басары Аммар Хамад Халаф кол койгон жазуунун : "Ирактын ачыктык мекемесинин Ливан банктарындагы акчалардын Ирактын Рафидейин банкы Бейрут филиалына өткөрүү иштеринин иликтөөгө алуу чечиминен"  бир күндөн кийин чыгышы көңүлдөрдү бурууда. 

Борбор шаар Багдаттагы тийиштүү сот Рафидейн банкынын мурдагы баш директору жана орун басарынын Ливандагы банктарга акча которуу операцияларында "коррупция айыптарынан" улам мажбурлоо жолу менен алып келүү чечимин чыгарган. 

 



Тектеш кабарлар