Йеменде кагылышуулардын кайрадан башталышы

Бириккен Улуттар Уюму Йеменде 2 -  октябрда акырына чыккан ок атышпоодон кийин куралдуу кагылышуулардын кайрадан башталышы өлкө калкы үчүн кыйратуучу кесепеттеринин болору тууралуу эскертти.

1909857
Йеменде кагылышуулардын кайрадан башталышы

Бириккен Улуттар Уюму Йеменде 2 -  октябрда акырына чыккан ок атышпоодон кийин куралдуу кагылышуулардын кайрадан башталышы өлкө калкы үчүн кыйратуучу кесепеттеринин болору тууралуу эскертти.

БУУнун гуманитардык иштер боюнча жооптуу кызматкери  Реена Гелани БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Йемендеги абалга байланыштуу сөз сүйлөдү. Гелани сөзүндө Йеменде кагылышуулардын башталышы өлкөнү мурдагы абалына айландырары боюнча эскертип : "Йемендеги адамдар талкаланган турмушун калыбына келтирүү үчүн кадимки турмушка кайтууга муктаж",- деди. 

Йемендеги ачкачылык кризисинин да калкынын жарымынан көбүнө таасир тийгизгендигин белгилеген Гелани өлкөдө 17 миллион адамдын кийинки тамагын кайдан аларын  билбегендигин белгиледи.

БУУнун Йемен боюнча атайын өкүлү Ханс Грундберг хусилердин Хадрамаут жана Шабва провинцияларындагы мунай портторуна жасаган кол салууларынын өлкөнү мунай экспортунан түшкөн негизги киреше булагынан ажыратканын айтты.

Грүндерберг Хадрамауттагы Даббе мунай портуна жасалган кол салуулардын олуттуу экономикалык кесепеттерге алып келерин белгилеп : "(Хусийлер) Аскердик жана экономикалык чыңалууну баштоо коркунучу бар",- деди.

Грундберг ошондой эле тараптарды ок атышпоону жаңыртуу боюнча макулдашууга да чакырды. 

 



Тектеш кабарлар