Грециядан эки машыгуу

Провокациялык кадамдарына күн сайын жаңысын кошуп жаткан Греция дипломатияда да, аскердик тармакта да Түркияга каршы саясаттарынан баш тартпай эле.

1910183
Грециядан эки машыгуу

Греция Крит аралында АКШ жана Франция менен эки күндүк биргелешкен машыгуу өткөрүүдө.

Афина бийлигинин Египет менен биргелешип өткөргөн «Медуза 12» машыгуусу да Александриянын жээктеринде уланууда.

Провокациялык кадамдарына күн сайын жаңысын кошуп жаткан Греция дипломатияда да, аскердик тармакта да Түркияга каршы саясаттарынан баш тартпай эле.

Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинде максималисттик мамиле көрсөткөн Афина провокациялык кадамдарынын алкагында Крит жана Александрия жээктеринде бир убакта эки машыгуу өткөрүүдө.

Грециянын Крит аралынын түштүгүндө 2 күнгө созула турган машыгуу АКШ жана Франция менен биргеликте уюштурулууда.

Греция менен Египет жыл сайын уюштурган "Medusa-12" машыгуусу 19-ноябрда Александриянын жээгинде башталган.

Быйылкы көп улуттуу машыгууга Түштүк Кипрдин Рум бөлүгү менен бирге Сауд Арабия биринчи жолу катышууда.

Машыгууда АКШнын куралдуу күчтөрүнөн деңиз жөө аскерлеринин тобу да бар. Франция, Германия, Индия, Иордания жана Бириккен Араб Эмираттары баш болгон айрым өлкөлөр магышууга байкоочу катары чакырылган.

Машыгуу 25-ноябрда аяктайт деп күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар