БУУ Израилдин чектөөлөрү тууралуу билдирди

БУУнун Соода жана өнүгүү конференциясы  (UNCTAD) оккупациядагы Батыш Шериада  Израилдин экономикалык иш - аракеттерин чектөөсү палестиналыктарга 50 миллиард доллар зыян келтиргенин жарыялады.

1910210
БУУ Израилдин чектөөлөрү тууралуу билдирди

БУУнун Соода жана өнүгүү конференциясы  (UNCTAD) оккупациядагы Батыш Шериада  Израилдин экономикалык иш - аракеттерин чектөөсү палестиналыктарга 50 миллиард доллар зыян келтиргенин жарыялады.

UNCTAD тарабынан  БУУнун Башкы ассамблеясына жиберилген отчетто Израилдин аймактагы оккупациясынын палестиналыктардын экономикалык абалына тийгизген таасири сөз болгон. Отчетто Батыш Шерианын 61 пайызын камтыган С аймагында Израилдин чектөөлөрүнүн палестиналыктарга жылда 2,5 миллиард  доллар чыгым алып келгени, бул көрсөткүчтүн 2000 - жылдан 2020 - жылга чейин 50 миллиард долларга жеткени белгиленди.

Палестиналыктар учураган жоготуунун   Батыш Шерианын 2020 - жылдагы жылдык дүң продукциясынан 3 эсе жогору экени белгиленген отчетто Израилдин аймактагы еврей отурукташуучулардын өнөр жай жана айыл чарба демилгелерине толук колдоо көрсөтүү менен экономикалык тартуу жаратканы белгиленди жана аймакта  жүз миңдеген Израил жарандарын аймакта отурукташууга колдоо көрсөткөндүгү билдирилди. 

Отчетто С аймагынын болжол менен 70 пайызын көзөмөлдөгөн Израилдин палестиналыктарды бул аймакка жакындатпай иш менен камсыз кылуу жана экономикалык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнөн ажыратканы белгиленди.

Палестина менен Израилдин ортосунда 1995 - жылы кол коюлган «Экинчи Осло келишиминин» алкагында басып алынган Батыш Шериада; А, В жана С зонасына бөлүнгөн.

Батыш Шерианын 18 пайызын камтыган "А аймагынын" башкаруу жана коопсуздук жактан Палестинага, 21 пайыздык "В аймагынын" башкаруусу Палестинага жана коопсуздугу Израилге өткөрүлүп 61 пайызын камтыган "C аймагынын" башкаруу жана коопсуздугу Израилге калтырылган. 

 



Тектеш кабарлар