Батыш Кудаста эки жарылуу болду, 1 киши каза болду

Израилде Батыш Кудста эки башка жарылууда алгачкы маалыматтарга караганда 14 кишинин жаракат алгандыгы билдирилди.

1909918
Батыш Кудаста эки жарылуу болду, 1 киши каза болду

Израилде Батыш Кудста эки башка жарылууда алгачкы маалыматтарга караганда 1 кишинин каза болгондугу, 13 кишинин жаракат алгандыгы билдирилди.

Израиль полициясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Батыш Кудста  эки башка жердеги автобус аялдамасынын жакынында бомбалуу кол салуу экендигинен шектенилген жарылуу болду.

Маалыматта Батыш Кудстун чыга беришинде Гиват Шаул кесилишиндеги аялдамада болгон жардыруудан кеминде 11 киши жарадар болду. Бул жарылуудан кийин Батыш Кудстун Ромат кесилишинде бир автобус аялдамасына жакын жердеги экинчи бир жарылуунун болгондугу жана окуя болгон жердеги 3 кишинин жаракат алгандыгы белгиленди. Ооруканага алып барылган жаралуулардын бирөөсүнүн каза болгонугу билдирилип, төртөөсүнүн абалынын оор экендиги маалымдалды. 

Израиль полициясынын эки окуя болгон жерде да далил жана көрсөтмөлөрдү иликтегендиги жана "шектүүлөрдү табуу үчүн иштеп жаткандыгы" маалымдалды. Ошол эле учурда Израилдин премьер  - министри Яир Лапиддин бүгүн бир атайын коопсуздук жыйынын өткөрөрү белгиленди. 

 

 

 



Тектеш кабарлар