Япония SM-3 Block IIA тосуучу ракетасын сынады
Япониянын коргоо министрлиги SM-3 Block IIA тосуучу ракетасынын ийгиликтүү сыналгандыгын билдирди.
Түндүк Коренянын бири биринин артынан ишке ашырган ракета сыноолору Корея жарым аралы жана айланасында коопсуздук тынчсызданууларын күчөтүп, Япония жаңы коргонуу кадамын таштады.
Япониянын коргоо министрлиги SM-3 Block IIA тосуучу ракетасынын ийгиликтүү сыналгандыгын билдирди.
Американын аскердик базасынан учурулган орточо аралыкка учуучу баллистикалык ракетанын Аегис ракеталык коргонуу системасы менен жабдылган Майя классындагы аскердик кемеден 16 - ноябрда учурулган ракета тарабынан Тынч океандын үстүнөн 100 километрден ашык бийиктикте ийгиликтүү тоскоолдукка учурагандыгы билдирилди.
Япониянын коргоо министрлигинен жасалган билдирүүдө SM-3 Block IIA ракетасынын АКШ жана Япония тарабынан биргелешип иштелип чыккандыгы билдирилип, системанын Япония тарабынан биринчи жолу сыноодон өткөнү маалымдалды.
Коргонуу кызматташтыгы боюнча авиация фирмасы Lockheed Martin тарабынан АКШнын коргоо министрлиги үчүн чыгарылган Аегис баллистикалык ракета коргонуу системасын алган экинчи өлкө болгон Япония бул системанын жардамы менен учурулган ракетанын жаңы версиясы болгон SM-3 Block IIAнын чыгаруу боюнча АКШ менен кызматташтык түзгөнү белгилүү.
Бир тараптан Түштүк Корея да чыгарып жаткан узун аралыктуу кургактыктан - абага ракета (L-SAM) системасы менен ийгиликтүү ракета тосуу сыноосун өткөрдү.
Чыгарылып жаткан L-SAM менен АКШнын Регионалдык Бийиктик Абадан Коргоо (THAAD) системасына окшош 50 - 60 километрдик бийиктикте баллистикалык ракеталарды аткылоо максат кылынууда. Системанын 2024 - жылга чейин бүткөрүлүшү, 2026 - жылы массалык өндүрүшкө өтүлүшү жана 2027 - жылы колдонулушу максат кылынууда.