Cирия тема болгон 19 - Астана сүйлөшүүлөрү башталды

Сүйлөшүүлөр Астанадагы бир мейманканада орус жана Сириядагы Башар Асад режиминин делегациясынын ортосундагы эки тараптуу жыйын менен башталды.

1909416
Cирия тема болгон  19 -  Астана сүйлөшүүлөрү башталды

 Сирия кризисине чечүүчү жол табуу максатында түзүлгөн Астана сүйлөшүүлөрүнүн кепил өлкөлөрү Түркия, Россия жана Иран делегациялары Казакстандын борбор шаары Астанада 19 -  жолу жолугушту.

Сүйлөшүүлөр Астанадагы бир мейманканада орус жана Сириядагы Башар Асад режиминин делегациясынын ортосундагы эки тараптуу жыйын менен башталды.

Түрк делегациясы сүйлөшүүлөрдүн негизиндеги эки жыйынын БУУнун Сирия атайын өкүлү Геир О. Педерсен менен өткөрдү.

Түркиядан Тышкы иштер министрлигинин Сирия боюнча башкы директору Селчук Үнал жетектеген делегация катышкан жыйындарга  Россиядан президент Владимир Путиндин Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев, Ирандан тышкы иштер министринин саясий иштер боюнча кеңешчиси Али Асгар Хажы жетектеген делегация катышууда.

Жыйындарда Асад режиминин тышкы иштер министринин орун басары Айман Сусан, оппозиция болсо Ахмет Тума жетектеген делегациялар орун алды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Сирия боюнча атайын өкүлү Гейр О. Педерсен катышкан жыйындарга байкоочу статусуна ээ болгон Иордания, Ирак жана Ливандын делегациялары да катышууда.

Эки күнгө созула турган жыйындарда тараптар Сириядагы жалпы абалдан баштап гуманитардык жана социо  - экономикалык абалдар, саясий процесстин кенен түрдө колдоого алынышы, барымталардын бошотулушу, дайынсыз жоголгон кишилерди издөө сыяктуу ишенимди бекемдөөчү чаралар, сириялык качкындардын ата мекенине кайтышы үчүн шарттардын түзүлүшү, Сириянын кайрадан курулушу үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2642  номердеги чечиминин алкагында эл аралык коомчулуктун аракеттеринин мобилизациялынышы сыяктуу маселелер талкууланат.



Тектеш кабарлар