Францияда сары кемселчендердин нааразылык акциясы...

Социалдык адилеттүүлүктү, дагы демократияны жана жарандардын демилгеси менен уюштурулган референдумду каалаган сары кемселчендер, нааразылык акцияларынын 4-жылы Парижде демонстрация өткөрүштү.

1908394
Францияда сары кемселчендердин нааразылык акциясы...

Франциянын борбору Парижде сары кемселчендердин нааразылык акциясынын төртүнчү жылында активисттер кайрадан көчөгө чыгышты.

Социалдык адилеттүүлүктү, дагы демократияны жана жарандардын демилгеси менен уюштурулган референдумду каалаган сары кемселчендер, нааразылык акцияларынын 4-жылы Парижде демонстрация өткөрүштү.

Жүздөгөн адамдар катышкан демонстрацияда маал-маалы менен полиция менен демонстранттардын ортосунда чыңалган учурлар болду.

Борса аянтында башталып, Анн-Мари Карьере аянтында аяктаган демонстрациянын жолунда демонстранттар кээ бир таштанды челектерин өрттөштү.

Францияда күйүүчү майдын кымбатташына жана начар экономикалык шарттарга жооп иретинде 2018-жылдын 17-ноябрында башталган сары кемселчендер кыймылы президент Эммануэль Макрондун социалдык-экономикалык саясаттарына каршы чыгуулар менен уланууда.

Сары кемселчендер ар ишемби күнү Париждин көчөлөрүнө чыгып, «Биз Макрон каалабаса дагы, жумушчулардын кадыр-баркы жана жакшы дүйнө үчүн келдик» деген ураан менен нааразылык акциясын уюштуруп келишет.



Тектеш кабарлар