Атлантика жана Жер Ортолук деңизде машыгуу...

НАТОнун билдирүүсүнө караганда, ноябрь айы бою өткөрүлгөн машыгууларда Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Англия, Италия жана Франциянын учак конуучу кемелерин көптөгөн согуштук кемелер жана согуштук учактар ​​коштойт.

1908365
Атлантика жана Жер Ортолук деңизде машыгуу...

Көп сандаган согуштук кемелер, анын ичинде НАТО өлкөлөрүнө таандык 5 учак конуучу кеме Атлантика аймагында жана Жер Ортолук деңизде машыгуу өткөрүүдө.

НАТОнун билдирүүсүнө караганда, ноябрь айы бою өткөрүлгөн машыгууларда Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Англия, Италия жана Франциянын учак конуучу кемелерин көптөгөн согуштук кемелер жана согуштук учактар ​​коштойт.

Миңдеген жоокерлер катышкан машыгууга дүйнөнүн эң жаңы жана эң чоң согуштук кемеси катары эсептелген «USS Gerald R. Ford» учак конуучу кемеси да катышууда.

Башка учак конуучу кемелер: USS George H.W. Bush, Британиянын HMS Queen Elizabeth, француз Шарль де Голль жана италиялык Кавур.

Бул учак конуучу кемелерди Канада, Дания, Германия, Нидерландия, Испания, Франция, Греция, Италия жана Америка Кошмо Штаттарынын башка согуштук кемелери коштоп жүргөнү кабарланууда.

Машыгууларда суу астында жүрүүчү кайыктарга каршы күрөшүү жана абада согуштук маневрлерден тышкары деңиз күчтөрүн камсыздоо иш-чаралары өткөрүлдү.

Мындан тышкары согуштук учактар ​​учак конуучу кемеден көтөрүлүп, башка учак конуучу кемеге конду.



Тектеш кабарлар