Жамму Кашмирде кар көчкү болду
Көчкүдө 3 индиялык аскер каза болду.
1908252

Индиянын көзөмөлүндөгү Жамму Кашмир аймагында кар көчкүнүн түшүшү менен 3 индиялык аскер каза болду. Индия армиясынан берилген маалыматта катуу кар жааган Мачил аймагында күзөттөгү 3 аскер көчкү астында калды. Жетекчилер көчкү астында калган 3 аскердин каза болгондугун билдиришти.