Си Циньпин Папуа - Жаңы Гвинеянын премьер - министри Жеймс Марапе менен жолугушту

Кытайдын президенти Си Цзиньпин өлкөсүнүн Тынч океандагы арал өлкөлөрү менен болгон карым - катнаштары үчүнчү тарапты көздөбөгөндүгүн,  геосаясий атаандаштык максатында эмес экендигин билдирди.

1908221

Си Цзиньпин Таиландда болгон Азия  -  Тынч океан экономикалык кызматташтык саммитинде Папуа - Жаңы Гвинеянын премьер - министри Жеймс Марапе менен жолугушту.

Кытайдын Тынч океандагы арал өлкөлөрү менен тең укуктуулук, өз ара урматтоо, ачыктык, инклюзивдүүлүк жана утушка ээ кызматташуунун негизинде карым-катнаш түзгөнүн баса белгилеген Си : «Тынч океандагы арал өлкөлөрү менен байланышыбыз үчүнчү тарапка да, геосаясий атаандаштыкка да багытталган эмес», - деди.

Кытай менен Папуа - Жаңы Гвинеянын ортосундагы достук жана өнөктөштүктүн өнүккөн өлкөлөр ортосундагы тилектештик жана кызматташтык үчүн үлгү экенин баса белгилеген Си : «Бир алкак, бир жол» демилгесинин алкагында ар түрдүү тармактарда квалификациялуу кызматташтыкты өнүктүрүүдөн үмүт кылышкандарын белгиледи.

Марапе болсо Папуа-Жаңы Гвинеянын Кытай менен Тынч океандагы арал өлкөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды бекемдөө үчүн активдүү иштей турганын белгилеп : «Эч бир күч биздин Кытай менен болгон карым  - катнашыбызды өнүктүрүүбүзгө тоскоол боло албайт»,- деди.

Тектеш кабарлар