Херсонго кеткен биринчи поезд Киевден жолго чыкты
Жүргүнчү поездинин бүгүн Херсонго барышы күтүлүүдө.
1908154
Өткөн жумада орус күчтөрүнүн чышыгынан кийин Россияга каршы согуш уланып жаткан Украинанын борбор шаары Киевден 8 айга жакын убакыттан кийин Херсон шаарына биринчи жолу поезд жолго чыкты.
Херсонго бара турган поезд үчүн Киев станциясында болгон аземге Украианын инфраструктура министри Александр Кубраков, Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук жана Киевде расмий жолугушууларды өткөрүп жаткан Европа Комиссиясынын төрага орун басары Валдис Домбровскис катышты.
Министр Кубраков үйлөрүнө кайткан Херсон тургундары, басма сөз кызматкерлери жана коопсуздук жетекчилери менен бирге поездге түштү. Жүргүнчү поездинин бүгүн Херсонго барышы күтүлүүдө.