Босния согушунда өлтүрүлгөн эки кишиге таандык сөөк табылды

Калдыктардын 1992 -  жылы жоголгон бошняк жарандарга таандык экендиги жана курмандыктардын бирөөсүнүн картаң аял экендиги белгиленди.

1908213
Босния согушунда өлтүрүлгөн эки кишиге таандык сөөк табылды

 Босния  -  Герцеговинанын Вишеград шаарына жакын жерде 1992 – 1995 -  жылдары болгон Босния согушунда өлтүрүлгөн эки кишинин калдыктары табылды. Дайынсыз жоголгон кишилер институтунан берилген маалыматта Горня Црнча аймагында табылган эки кишиге таандык экендиги болжолдолгон калдыктардын 1992 -  жылы жоголгон бошняк жарандарга таандык экендиги жана курмандыктардын бирөөсүнүн картаң аял экендиги белгиленди. Маалыматта табылган сөөк калдыктарынын Горазде шаарына жиберилгендиги жана ДНК анализи менен курмандыктардын ким экендигин белгилөө үчүн сөөк үлгүлөрүнүн алынары белгиленди.

Казуу иштери Босния  -  Герцеговина сотунун талабы боюнча Босния  -  Герцеговина прокуратурасы тарабынан иликтөөгө алынды.

Серб парламенти 1991 - жылдын 21 - декабрында Босния -  Герцеговина Серб Республикасынын түзүлүшү жана ошол эле учурда Крайна Серб Республикасын таануу чечимин кабыл алган.

Бул чечимдин негизинде 1992 - жылы 9 - январда Босния жана Герцеговина Серб Эл Республикасы жарыяланды.

Босния - Герцеговинанын 1992 - жылы 29 – февраль жана 1 - мартта өткөрүлгөн референдумдун натыйжасында эгемендигин жарыялагандан кийин, сербдердин көзөмөлүндөгү Югославия армиясы жана серб жарым аскерлештирилген бөлүктөрү мусулман босняктарга каршы этникалык тазалоону баштады.

1995 - жылдын 14 - декабрына чейин созулган Босния согушунда 100 миңден ашуун адам каза болуп, 2 миллионго жакын адам башка жакка кетүүгө аргасыз болгон.



Тектеш кабарлар