Түндүк Корея баллистикалык ракета учурду

Ракеталык сыноо жергиликтүү убакыт боюнча 10.48де болду.

1907342
Түндүк Корея баллистикалык ракета учурду

Түндүк Кореянын Япон деңизи (Чыгыш деңизи) багытында баллистикалык ракетасын учурганы кабарланды.

Түштүк Кореянын Башкы штабынын билдирүүсүнө караганда, Түндүк Кореянын чыгыш жээгиндеги Кангвондон учурулган кыска аралыктуу баллистикалык ракета Япон деңизине түштү.

Ракеталык сыноо жергиликтүү убакыт боюнча 10.48де болду.

Япониянын Министрлер кабинетинин башкы катчысы Мацуно Хироказу, ракета тууралуу маалыматтын талдоо баскычында экенин, өлкөсүнүн АКШ жана Түштүк Корея менен кызматташуусун уланта турганын айтты.

Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Чое Сон Хуи өз билдирүүсүндө: «АКШ, өнөктөштөрүнө "күчөтүлгөн тоскоолдук сунушун" канчалык бекем карманса жана Корей жарым аралында чагымчыл аскерий аракеттерди арттырса, Түндүк Кореянын аскердик контрчабуулдары ошончолук катаал болот»,- деген эле.

Ал эми Түштүк Кореянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мун Хонг Сик, Түндүк Кореянын өзөктүк жана ракеталык коркунучтарын улантып жаткан чөйрөдө Түштүк Корея, АКШ жана Япониянын коопсуздук кызматташтыгынын абдан маанилүү экенин белгилеген.



Тектеш кабарлар