Польшага түшкөн ракета тууралуу талаштар...

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки кечээ өзү катышкан телеберүү программасында ракета жана баллистикалык адистердин ракета боюнча анализдерин улантып жатканын айтты.

1907434
Польшага түшкөн ракета тууралуу талаштар...

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки өлкөсүнө түшкөн ракетадан эки адамдын өлүмү үчүн Орусияны айыптады.

Моравецки кечээ өзү катышкан телеберүү программасында ракета жана баллистикалык адистердин ракета боюнча анализдерин улантып жатканын айтты.

Моравецки: «Биздин мекендештерибиздин өлүмүнө,  Украинага кол салып гана тим болбостон, бул өлкөнү массалык ракеталык жана учкучсуз учуучу аппараттар ​​менен бомбалап, террордук кылган Орусиянын күнөөсү бар»,-деди.

Польшанын премьер-министри:«Биз АКШдан заманбап куралдарды сатып алабыз. Польша муну жөн кое албайт»,-деди.

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы байланыштар боюнча жогорку өкүлү жана Еврокомиссиянын төрага орун басары Жозеп Боррелл да Польшанын аймагына түшкөн ракета тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасап:«Бул каргашалуу окуя Орусиянын Украинанын шаарларын, карапайым калкты жана жарандык инфраструктураны бутага алган кезектеги ракеталык чабуулунун жыйынтыгында болду. Бул кол салуулар эл аралык мыйзамдарды одоно бузуу болуп саналат»,-деди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Польшаны Украина менен чек арадагы Пржеводов кыштагына ракета түшүүсүн «чагымчылдык кылбоого» чакырды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Польшанын Москвадагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Яцек Сладевскийдин министрликке чакырылганын билдирди.

Захарова: «Дипломатка Польшанын сөз болуп жаткан окуянын айланасында Орусияга каршы истерияны тутандыруусу кабыл алынгыс экенин билдирилди»,-деп айтты.

15-ноябрда Польшанын Украина менен чектешкен Пржеводов айылына белгисиз ракета түшүп, 2 адам каза болгону маалымдалган.

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки: «Украина күчтөрү Орусиянын чабуулдарына жооп берип, коргонуу үчүн ракеталарды учурушту. Бул ракеталардын бири кокусунан Польшанын жерине түшкөн»,-деп маалымат берди.



Тектеш кабарлар