Ирандагы нааразылык акциялары

Ахваз Кундишапур Саламаттыкты сактоо илимдер университетинин проректору Хабиб Хейбер Ирандын мамлекеттик телеканалына сүйлөгөн сөзүндө, кечээ кечинде элге жана коопсуздук күчтөрүнө ок атуулардын натыйжасында каза болгондордун саны 7ге жеткенин жарыялады.

1907467
Ирандагы нааразылык акциялары

Ирандын түштүк-батышындагы Хузестан провинциясынын Иззе шаарында болгон куралдуу кол салууда каза болгондордун саны 7ге жетти.

Ахваз Кундишапур Саламаттыкты сактоо илимдер университетинин проректору Хабиб Хейбер Ирандын мамлекеттик телеканалына сүйлөгөн сөзүндө, кечээ кечинде элге жана коопсуздук күчтөрүнө ок атуулардын натыйжасында каза болгондордун саны 7ге жеткенин жарыялады.

Иран бийлиги кол салуудан 10 кишинин жараланганын билдирди.

Хузистандын башкы прокурору Али Дехкани кол салууга байланыштуу 3 кишинин өздүгү такталып, кармалганын жарыялады.

Кол салуудан улам Хузестан провинциясында 3 күндүк аза күтүү жарыяланды.

Ирандын түштүк-батышындагы Хузестан провинциясынын Иззе шаарында Махса Эмини акциясы учурунда мотоцикл минген эки киши демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнө ок чыгарган.

Кол салууда 4 кишинин каза болгону, 5 коопсуздук кызматкеринин жараланганы жарыяланды.

Бир тараптан Норвегияда жайгашкан Иран адам укуктары мекемеси (IHR) Махса Эмининин өлүмүнөн кийин башталган демонстрацияларга коопсуздук күчтөрүнүн кийлигишүүсүнүн натыйжасында каза болгондордун саны 342ге жеткенин жана өлүм жазасына тартылгандардын саны 5ке жеткенин жарыялады.

13-сентябрда борбор калаа Тегеранда «адеп-ахлак полициясы» тарабынан камакка алынгандан кийин ооруканага жеткирилген 22 жаштагы Махса Эмининин 16-сентябрда каза болушу өлкөнүн өкмөтүнө каршы нааразылык акцияларын жаратты.



Тектеш кабарлар