Видодо: "Согушту токтотуу керек"

Видодо Чоң жыйырмалыктын 17- лидерлер саммитинде маалымат жыйынын өткөрдү.

1907146
Видодо: "Согушту токтотуу керек"

Индонезиянын президенти Жоко Видодо дүйнөнүн эң ири 20 экономикасынан турган Чоң жыйырмалыктын саммитинде лидерлерге кайрылып, “согушту токтотууга” чакырды.

Видодо 15-16-ноябрь күндөрү Балиде Индонезиянын кожоюндугунда өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын 17- лидерлер саммитинде маалымат жыйынын өткөрдү.

Өз сөзүндө кечээ Польшанын Украина чек арасындагы айылга ракетанын түшкөнүнө байланыштуу сереп салуусунда: «Польшадагы кырдаал боюнча бардык тараптарды сабырдуу болууга жана чыңалууну курчутпоого чакырам»,- деди.

Индонезиянын президенти Видодо, Орусия менен Украинанын ортосунда акыркы мезгилде күчөгөн чыңалууга көңүл буруп: «Мен ар дайым согуштун кыйроого алып келерин айтып келем. Ошондуктан биз согушту токтотушубуз керек»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар