Киев, Харьков жана Львов шаарларына сокку урулду

Киевдин мэри Виталий Кличко борбор калаага ракеталык чабуул жасалганын билдирди.

1906731
Киев, Харьков жана Львов шаарларына сокку урулду

Украинанын борбору Киев ракеталык чабуулдардын бутасы болду.

Киевдин мэри Виталий Кличко борбор калаага ракеталык чабуул жасалганын билдирип: «Печерск районунда эки үйгө сокку урулду. Абадан коргонуу системалары дагы бир нече ракетаны атып түшүрдү»,-деди.

Кличко ракеталар тийген үйлөрдө өрт чыкканын белгилеп, аймакка өрт өчүрүү, саламаттыкты сактоо жана куткаруу топторунун жиберилгенин белгиледи.

Киевден кийин жардыруу үндөрү Харьков жана Львов шаарларында да угулганы кабарланды.



Тектеш кабарлар