Эрдоган МИКТА лидерлеринин жыйынына катышты

Тышкы иштер министрлигинен берилген биргелешкен жазуу түрүндөгү маалыматта МИКТАнын лидерлер саммитинин Балиде президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусунда өткөрүлгөнү маалымдалды.

1906546
Эрдоган МИКТА лидерлеринин жыйынына катышты
erdogan mikta liderler1.jpg
erdogan mikta liderler.jpg

Индонезиянын Бали аралында өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын саммитинин алкагында Мексика, Индонезия, Түштүк Корея, Түркия жана Австралиянын (MIKTA) лидерлери жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен берилген биргелешкен жазуу түрүндөгү маалыматта МИКТАнын лидерлер саммитинин Балиде президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусунда өткөрүлгөнү маалымдалды.

Билдирүүдө MIKTA өлкөлөрү болуп көрбөгөндөй жана көп өлчөмдүү кризистердин ушул мезгилинде эл аралык тынчтыкка, туруктуулукка жана гүлдөп-өнүгүүгө умтулгандыктары баса белгиленип: «Биз туш болгон бул көп өлчөмдүү глобалдык экономикалык жана коопсуздук чакырыктары менен алп урушуп жатканда, демократия жана эл аралык укукту сыйлоо, көп тараптуулук жана эл аралык кызматташтыкты камтыган жалпы баалуулуктарыбыз жана окшоштуктарыбдан күч-кубат алуудабыз»,-деп айтылды.

Билдирүүдө, «МИКТА глобалдык аренада конструктивдүү ролду ойноону улантат жана күчтүү глобалдык башкаруунун чечкиндүү жактоочусу жана өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ортосундагы ажырымды жоюуга чечкиндүү болгон ар бир адамга тиешелүү маселелер боюнча консенсус түзүү аракеттерине салым кошот»,деген баа берүүлөр камтылган.

Бул жылы MIKTAнын төрагалыгын аткарган Түркияга ыраазычылык билдирилген билдирүүдө Индонезиянын ийгиликтүү G20 төрагалыгы белгиленип, президент Жоко Видодого Балиде көрсөтүлгөн меймандостук үчүн ыраазычылык билдирилди.

Биргелешкен билдирүүдө, «Биз тыгыз кызматташуубузду улантабыз жана 2023-жылы Индонезиянын MIKTA төрагалыгы астында жетишкендиктерибизди мындан ары да улантабыз», - деп айтылды.



Тектеш кабарлар