Зеленский Херсонго барды

Бул жерде жарандар Зеленскийге мээримдүүлүк көрсөтүшүп, аскерлерге шаарды кайтарып алуудагы кызматы үчүн ыраазычылык билдиришти.

1906193
Зеленский Херсонго барды

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус аскерлери чыгарылгандан кийин кайрадан украин армиясынын көзөмөлүндө болгон Херсон шаарына барды.

Бул жерде жарандар Зеленскийге мээримдүүлүк көрсөтүшүп, аскерлерге шаарды кайтарып алуудагы кызматы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Зеленский шаардын бошотулушуна жана элдин реакциясына кубанганын айтты.

Херсондо болуунун маанилүүлүгүн баса белгилеген Зеленский, өлкөсү үчүн өз өмүрүн күн сайын тобокелге салган жоокерлер жана шаар тургундары менен жолугуп, алардын сезимдерин жана күчүн сезиш үчүн келгенин белгиледи.



Тектеш кабарлар