Словениянын жаңы президенти Мусар болду

Словениянын мамлекеттик шайлоо комиссиясынын (DVK) расмий сайтындагы маалыматка ылайык, добуштардын 99 пайызы саналды.

1905906
Словениянын жаңы президенти Мусар болду

Словенияда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Наташа Пирц Мусар көпчүлүк добушка ээ болуп, өлкөнүн жаңы президенти болду.

Словениянын мамлекеттик шайлоо комиссиясынын (DVK) расмий сайтындагы маалыматка ылайык, добуштардын 99 пайызы саналды.

Экинчи айлампага өткөн эки талапкердин арасында Словениянын Каракчылар партиясы менен Европа Жашылдар партиясынын колдоосуна ээ болгон көз карандысыз талапкер Пирц Мусар 53,86 пайыз добуш менен 50 пайыздык босогодон өттү. Ошентип, Пирц Мусар өлкөнүн жаңы жана биринчи аял президенти болуп шайланды.

Расмий эмес жыйынтыктарга караганда, мурунку турда эң көп добуш алган Словения Демократиялык партиясы (SDS) колдогон көз карандысыз талапкер Анзе Логардын добушу 46,14% бойдон калды.

Шайлоодо катталган 1 миллион 696 миң 893 шайлоочунун 53 пайызы үкүккө барып добуш берди.

Президенттик шайлоодо жеңишин жарыялаган «Болот аял» катары да белгилүү болгон 54 жаштагы Пирц Мусар биринчи билдирүүсүндө Словениянын чечкиндүү, чынчыл, кичипейил, сабырдуу жана урматтуу диалогду коргой турган президентке татыктуу экенин айтты.

Пирц Мусарды куттуктаган башка талапкер Логар да билдирүүсүндө: "Пирц Мусар баарыбызды укса жакшы президент болот. Ошондо пикир келишпестиктерди жеңүү үчүн биздин колдообузду алат",- деди. 

23-октябрда президенттик шайлоонун биринчи туру өткөндө Логар 33 пайыз, Пирц Мусар 26 пайыз добушка ээ болгон.

1991-жылы эгемендикке жетишкен Словенияда президенттик шайлоо 5 жылда бир өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар