Дүйнө жүзү Стамбулдагы кол салууну айыптоодо
Стамбулдун Истиклал көчөсүндө кечээ болгон жардыруудан каза болгондор үчүн дүйнөнүн төрт бурчунан көптөгөн өлкө көңүл айтуу билдирүүлөрүн жарыялашты.

Стамбулдун Истиклал көчөсүндө кечээ болгон жардыруудан каза болгондор үчүн дүйнөнүн төрт бурчунан көптөгөн өлкө көңүл айтуу билдирүүлөрүн жарыялашты.
Европа Биримдиги (ЕБ) Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель социалдык медиа аркылуу билдирүү жасап, Стамбулдан үрөй учурарлык кабар алгандарын айтты.
Истиклал көчөсүндөгү жарылууда каза болгондор үчүн көңүл айткан Мишель бул кайгылуу учурда түрк калкынын жанында экендерин айтты.
Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, социалдык медиадан билдирүүсүндө : «Кечээ Стамбулда адамдардын өмүрүн алган ырайымсыз кол салуудан кийин Түркияга жана түрк элине терең кайгыруу менен көңүл айтам»,-деди.
ЕБ Комиссиясынын ички иштерден жооптуу мүчөсү Йлва Йоханссон : «Бул (кол салуу) Түркия менен ЕБнин террор менен күрөшүүдө дагы көп кызматташтыкты ишке ашыруу чечкиндүүлүгүн күчөтөт»,-деди. Ал жардыруудан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг үрөйдү учурган видеолордун Стамбулдан келгенин белгилеп, түрк элине жана жарылуудан жабыркагандарга көңүл айтты.
Столтенберг: «НАТО союздашы Түркия менен тилектеш»,- деди.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Стамбулдагы террордук кол салууну катуу айыптады.
БУУнун баш катчылыгынын билдирүүсүнө караганда Гутерриш кол салууда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына жана түрк өкмөтүнө көңүл айтты.
Орусиянын президенти Владимир Путин Стамбулдагы жардыруудан улам президент Режеп Таййип Эрдоганга жөнөткөн көңүл айтуу катында террорго каршы Түркия менен кызматташууга даяр экендиктерин билдирди.
Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына колдоо көрсөткөнүн баса белгилеген Путин жарадарлардын тез сакайып кетишин каалады.
Евробиримдиктин кеңейүүдөн жооптуу комиссары Оливер Вархели да Истиклал көчөсүндөгү жарылуудан кийин кыйын күндөрдө түрк элинин жанында болгондорун белгиледи.
Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ак үйдүн басма сөз катчысы Карине Жан-Пьер, жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Стамбулдагы «зордукчул аракетти» айыптап, АКШнын террор менен күрөшүүдө НАТО союздашы Түркиянын жанында экенин белгиледи.
Ал эми Азербайжан, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Казакстан, Орусия, Украина, Иордания, Сауд Арабиясы, Египет, Нидерландия, Англия, Германия, Италия, Австрия, Чехия, Польша, Венгрия, Румыния, Швеция, Швейцария, Литва, Латвия, Беларусь, Франция, Греция, Израиль, Алжир, Кувейт, Катар, Палестина, Ливия, Бириккен Араб Эмираттары, Ливан, Ирак, Босния жана Герцеговина, Сербия, Черногория, Хорватия, Словения, Албания, Түндүк Македония, Косово, Грузия, Индия, Пакистан , Африка өлкөлөрү, Иран жана Аргентина баш болгон дүйнөнүн төрт бурчунан көптөгөн өлкөлөр кол салууга байланыштуу көңүл айтуу билдирүүлөрүн таратты.