Зеленский:«Ал жер кудум эле тозок. Ал жерде күн сайын өтө оор салгылашуулар болуп жатат»

Зеленский Telegram каналында бөлүшкөн видео кайрылуусунда Орусия-Украина согушуна байланыштуу акыркы окуяларга баа берди.

1905689
Зеленский:«Ал жер кудум эле тозок. Ал жерде күн сайын өтө оор салгылашуулар болуп жатат»

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусияга каршы согуш уланып жаткан Донецктеги кагылышууларга «ал жер кудум эле тозок» деп баа берди.

Зеленский Telegram каналында бөлүшкөн видео кайрылуусунда Орусия-Украина согушуна байланыштуу акыркы окуяларга баа берди.

Украин аскерлери орус аскерлери чегинген Херсон шаарына киргенин, эл аскерлерди чоң кубаныч менен тосуп алганын айткан Зеленский: «Бүгүн баарыбыз чогуу кубанычты башыбыздан өткөрүп жатабыз. Херсондогу украиналык коргоочулар менен биздин элдин жолугушуусу тартылган кадрларды көрө элек адам барбы, билбейм»,-деди.

Зеленский: «Бүгүн кечке карата коргонуу күчтөрү Херсон облусундагы 60тан ашуун калктуу конушту көзөмөлгө алды. Полиция коопсуздук чараларын баштады»,-деп айтты.

Орус күчтөрү чыгарылгандан кийин аймакта өтө көп жарылбаган мина, ок жана башка ок-дарылар калганына көңүл бурган Зеленский адистер тарабынан миналарды тазалоо иштери башталганын билдирди.

Зеленский өлкөсүндөгү согуш уланып жаткан фронттордун бири болгон Донецк аймагында эң ысык кагылышуулар уланып жатканын айтып: «Ал жер кудум эле тозок. Ал жерде күн сайын өтө оор салгылашуулар болуп жатат»,-деди.



Тектеш кабарлар