Германияда мечитке свастика жана расисттик коркунучту камтыган кат жөнөтүлдү

Түрк - Ислам Дин Биримдигинин  Гёттинген мечитинин жетекчилигинин билдирүүсүндө катка байланыштуу кылмыш иши козголгону белгиленди.

1905161
Германияда мечитке свастика жана расисттик коркунучту камтыган кат жөнөтүлдү

Германиянын Гёттинген шаарындагы Түрк - Ислам Дин Биримдигине (DITIB) караштуу мечитке свастика жана расисттик коркунучту камтыган кат жөнөтүлдү.

Түрк - Ислам Дин Биримдигинин  Гёттинген мечитинин жетекчилигинин билдирүүсүндө катка байланыштуу кылмыш иши козголгону белгиленди.

Мечиттин соцтармактан берилген билдирүүсүндө : "Тилекке каршы, биздин мечитте жана Гёттингенде жашаган мусулмандар катары биз кайрадан оңчул расисттер тарабынан коркутуп-үркүтүүгө жана кемсинтүүгө дуушар болдук. Белгисиз адам же адамдар тарабынан мечитибиздин дарегине жөнөтүлгөн катта коркутуу, кемсинтүү жана нацисттикти  камтыган сүйлөмдөр, маеактоо жана символдор бар. Башкармалык катары биз жамаатыбыздын тынч болушун суранабыз. Жооптуу кишилер катары  катары жамаатыбыздын мечитибизге коопсуз кирип  - чыгышы   үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгабыз»»,- деп айтылды.  

22 - сентябрда мечиттин сыртына свастика чийилип, окуя боюнча иликтөө иштери башталган.



Тектеш кабарлар