АКШда «Николь» бороонунан улам 2 киши каза болду

Үзүлгөн электр зымынын эки кишинин үстүнө түшкөндүгү, ооруканага жеткирилген кишилердин  бардык жардамрага карабастан куткарыла албагандыгы билдирилди.

1905267
АКШда «Николь» бороонунан улам  2 киши каза болду

АКШнын Флорида штатына  жеткен «Николь» бороонунан улам нөшөрлөгөн жамгыр жана селден 2 киши каза болду.

Оранж округунун шерифтик кеңсесинин социалдык медиа эсептеринен берилген маалыматта 2 кишинин токко урунуп каза болгону белгиленди.

Маалыматта үзүлгөн электр зымынын эки кишинин үстүнө түшкөндүгү, ооруканага жеткирилген кишилердин  бардык жардамрага карабастан куткарыла албагандыгы билдирилди.

Флорида штатынын губернатору Рон ДеСантис да бороондон улам өзгөчө кырдаал зонасын кеңейтип, штаттын 67 округунда өзгөчө кырдаал жарыялады.

Буга чейин 34 гана округда өзгөчө кырдаал жарыялаган ДеСантис Флориданын түндүк -батышындагы бороондун кесепеттеринин канчалык деңгээлде экенин билишпегендиктен,  бүт штатты  камтыганын айтты.

Николь бороону Флоридага жетип күчүн азайтканы менен деңиз суунун көтөрүлүшү жана толкундардын күчөшүнөн жээктеги  кээ бир үйлөр кулады.

Бир тараптан Улуттук бороон борбору штаттын түндүк - чыгышына карай жылып жаткан катуу бороондун Жоржиядан баштап түндүктө Нью -Йоркко чейин бир же эки күндүн ичинде чоң аймакка таасир этээри тууралуу маалыматты бөлүштү.



Тектеш кабарлар