Жо Байден президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди
Жо Байден 8 - ноябрда өткөн, жыйынтыгы чыга элек орто мөөнөттүү шайлоолорго байланыштуу Ак үйдө маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден 2024 – жылы боло турган президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди.
Жо Байден 8 - ноябрда өткөн, жыйынтыгы чыга элек орто мөөнөттүү шайлоолорго байланыштуу Ак үйдө маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Шайлоону «Америка демократиясы үчүн жакшы күн» деп сыпаттаган Байден «кызыл толкундун» көптөр күткөндөй болбогонун, республикачылардын да күткөнүндөй болбогондугун айтты.
Өлкөдө жүргүзүлгөн сурамжылоолорго караганда элдин 75 пайызынын өлкөнүн жүрүшүнөн ыраазы экендигин эске салып, кызматынын акыркы 2 жылында эмнеден айырмалана тургандыгы тууралуу суроого Байден : «Эч нерсе жок»,- деп жооп берди.
Байден 2024 - жылдагы президенттик шайлоого катышабы деген суроого: «Менин бул боюнча ниетим бар», - деп, кийинки жылдын башында акыркы чечимди кабыл аларын айтты.