ДССУ: "Ковид-19дан каза болгондордун саны азайды"

Гебреисус ДССУнун штаб-квартирасында өткөргөн онлайн маалымат жыйында Ковид-19 пандемиясы тууралуу билдирүү жасады.

1904597
ДССУ: "Ковид-19дан каза болгондордун саны азайды"

Дүйнө жүзү боюнча жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясынан улам каза болгондордун саны февраль айына салыштырмалуу болжол менен 90 пайызга азайды.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус ДССУнун штаб-квартирасында өткөргөн онлайн маалымат жыйында Ковид-19 пандемиясы тууралуу билдирүү жасады.

Дүйнө жүзү боюнча Ковид-19дан улам февраль айында 75 миң өлүм катталганын эске салган Гебреисус бул көрсөткүч өткөн аптада болжол менен 90 пайызга азайып, 9 миң 400 болгонун айтты.

Гебреисус: «Биз узак жолду басып өттүк жана бул албетте оптимизм үчүн бир себеп. Бирок бардык өкмөттөрдү, коомчулуктарды жана жеке адамдарды этият болууга чакырабыз»,- деди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун директору, Ковид-19дун алдын алууга жана айыктырууга болгонуна карабастан, жумасына 10 миң адамдын пандемиядан көз жумганын, мунун өтө чоң көрсөткүч экенин баса белгиледи.

Өнүккөн жана өнүкпөгөн өлкөлөрдүн ортосундагы эмдөө көрсөткүчүндөгү айырманын дагы деле жогору экенин билдирген Гебреисус, Ковид-19дун жаңы варианттары тездик менен көбөйүп жатканын кабарлады.



Тектеш кабарлар