Польша Россия чек арасына курду

Яцек Сивьера Россиянын Калининград чек арасына курулган тосмо Москва үчүн “ачык билдирүү” экенин билдирди.

1904171
Польша Россия чек арасына курду

Польшанын президенти Анджей Дудага караштуу  Улуттук коопсуздук бюросунун башчысы Яцек Сивьера Россиянын Калининград чек арасына курулган тосмо Москва үчүн “ачык билдирүү” экенин билдирди.

Польша радиосунун кабарына караганда, Сивьера өлкөнүн жогорку кызмат адамдары менен жолугушуп, жолугушуудан кийин басма сөзгө маалымат берди. Сивьера сүйлөшүүлөрдө 24 -  февралдан бери келе жаткан Россия  - Украина согушунун Польшага таасирин тийгизген жыйынтыктары жана миграция маселелерине көңүл бургандыгын белгиледи.

Польша  -  Беларусь  чек арасында мыйзам тышы миграциянын күч алгандыгын белгилеген Сивьера : "Калининградга жаңы каттам багыттарынын курулганлыгына байланыштуу тынчсыздантуучу белгилер сөз болуп жатат",- деди. 

Сивьера Польшанын Калининград чек арасына  электрондук тосмо кургандыгын эске салып : "Бул Россия Федерациясына Польшанын мигранттрады гибриддик кол салууда барымта катары колдонулушу менен байланыштыра турган коркунучтарды билгендиги тууралуу ачык билдирүү жиберүүдө",- деп баа берди.

Украина  - Россия согушунун башынан бери Польшага   7 миллион 600 миңге жакын украиналык мигрант кирген. Булардын көпчүлүк бөлүгү өлкөлөрүнө кайтты же Батыш Европа өлкөлөрүнө баш калкалады.  Азыркы учурда Польшанын территориясында 1,3 миллион украниалыктын жашагандыгы белгиленүүдө. 

 

 



Тектеш кабарлар