Непалда жер титирөө болду

Алгачкы маалыматтарга караганда 6 адам каза болду.

1904043
Непалда жер титирөө болду

Непалда болгон 5,6 баллдык жер титирөөдө алгачкы маалыматтарга караганда 6 адам каза болду.

Америка Кошмо Штаттарынын Геологиялык кызматы (USGS) Непалдын түндүк - батышындагы Доти аймагында 5,6 баллдык жер титирөөнүн болжол менен 16 километр тереңдикте болгонун билдирди.

Непал полициясынын басма сөз катчысы Тед Прасад Рай апаатта кеминде 6 кишинин каза болгонун жана каза болгондордун санынын көбөйүшүнөн тынчсызданып жатканын билдирди.

Жер титирөөнүн материалдык чыгымга жол ачкандыгын жана жабыркагандардын бар экенин белгилеген жетекчилер аймактагы куткаруу иштеринин улантып жаткандыгын билдиришти.

Непалдын премьер - министри Шер Бахадур Деуба  Твиттерден  берген маалыматында жаралуулардын ылдам түрдө  медициналык жардамга  жетүүсү үчүн тийиштүү мекемелердин аракетке өткөндүгүн айтты.



Тектеш кабарлар