Кытайдын мамлекет башчысынан армияга "Согушка даярдык" билдирүүсү

Си Цзиньпин күчөгөн туруксуздук жана белгисиздик менен бетме  - бет экендерин белгилеп, армиянын "согуштук жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана согушка даяр болушу керектигин" айтты.

1903972
Кытайдын мамлекет башчысынан армияга "Согушка даярдык" билдирүүсү

Кытайдын  мамлекет башчысы Си Цзиньпин күчөгөн туруксуздук жана белгисиздик менен бетме  - бет экендерин белгилеп, армиянын "согуштук жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана согушка даяр болушу керектигин" айтты.

Кытайдын мамлекеттик CCTV телеканалынын кабарына караганда, Си Цзиньпин Кытай Элдик боштондук армиясынын (КЭР) командалык штабы болгон Борбордук Аскердик Комиссиянын (МАК) биргелешкен операциялык борборуна барды.

Жаңы мезгилде Кытай армиясынын алдында оор милдеттин турганын баса белгилеген Си : "Бардык куралдуу күчтөр негизги критерия катары согуштук жөндөмдүүлүккө көңүл бурушу керек. Бардык машыгууларын согушка даярдык жана жеңүү жөндөмдүүлүгүнө жетишүү максатынын негизинде алып баруусу керек",- деди.

Си "дүйнөнүн жүз жылда көрүлгөн тез өзгөрүүдөн өтүп жаткандыгына" көңүлдөрдү буруп : "Кытай армиясы улуттук эгемендикти, коопсуздукту жана өнүгүү таламдарын  чечкиндүүлүк менен коргоп, партиянын жана элдин өзүнө берген милдетти орундатышы керек",- деди. 

Визит учурунда аскердик камуфляж жана бут кийим кийген Си  2027 - жылы Кытай Элдик боштондук врмиясынын  түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата  дүйнөнүн эң алдыңкы куралдуу күчтөрүнүн бирине айлантуу максатын белгиледи.

"Буга жетишүү үчүн колубуздан келгендин баарын аткарышыбыз керек», - деди Си  Цзиньпин. 

 

 

 



Тектеш кабарлар