Европа Биримдиги Украинага 18 миллиард евро жардам сунуш кылды

Европа Биримдиги комиссиясы тарабынан даярдалган сунушка ылайык, келерки жылы Украинага жасала турган каржылык жардам,  ай сайын үзгүлтүксүз төлөнүүчү  жеңилдетилген насыялардан турат.

1904396
Европа Биримдиги Украинага 18 миллиард евро жардам сунуш кылды

Европа Биримдиги  комиссиясы Россия менен согушуп жаткан Украинага 2023 - жылга чейин 18 миллиард евро өлчөмүндөгү жардам пакетин сунуштады.

Европа Биримдиги комиссиясы тарабынан даярдалган сунушка ылайык, келерки жылы Украинага жасала турган каржылык жардам,  ай сайын үзгүлтүксүз төлөнүүчү  жеңилдетилген насыялардан турат.

Кайра кайтышы 2033 - жылы баштала турган насыялар 35 жылдык мөөнөт менен болот жана пайыздары Европа Биримдиги тарабынан төлөнөт.

Пайыздардын Европа Биримдиги өлкөлөрү тарабынан Европа Биримдигинин бюджетине кошула турган салымдар менен төлөнүшү максат кылынууда. 

Европа Биримдигинин «үзгүлтүксүз жана болжолдуу» деп аныктаган каржылык жардам ай сайын 1,5 миллиард евро түрүндө берилет. Ушундайча Украинанын ай сайын 3 миллиард евро жана 4 миллиард евро болоору болжолдонгон кыска мөөнөттүү каржылоо муктаждыгынын бир бөлүгү камсыздалат.

Жардам пакети менен Украинадагы бюджеттик кызматкерлер менен пенсионерлердин айлык маяналарынын төлөнүшү, оорукана, мектептер сыяктуу маанилүү мамлекеттик кызматтардын улантылышы каралууда.

Европа Биримдиги комиссиясы Украинанын макроэкономикалык туруктуулугу жана согуштан жабыркаган инфраструктурасын калыбына келтирүүнүн да  пакеттин жардамы  мүмкүн болорун билдирди.

Комиссиянын булар менен бирге жардам пакети менен Украинада мыйзамдын үстөмдүгү, жакшы башкаруу, коррупция менен күрөшүү сыяктуу араларында реформалардын жасалары болжолдолууда. 

Европа Биримдиги комиссиясы даярдаган сунуштун ишке кириши үчүн Европа Парламенти жана Европа Биримдиги өлкөлөрү түзгөн Европа Биримдиги кеңеши тарабынан бекитилиши керек. 

 

 



Тектеш кабарлар