Британиянын Ооганстандагы операцияларында каза болгон балдар

Британиянын Коргоо министрлиги мурда 16 баланын өлүмү үчүн компенсация төлөп жатканын моюнга алса, бул сан азыр 64кө жетти.

1904372
Британиянын Ооганстандагы операцияларында каза болгон балдар

Британ күчтөрү 2006-2014-жылдары Ооганстанда катышкан операцияларда 64-135 баланын каза болгондугу билдирилди.

Куралдуу зомбулукка каршы күрөш уюмунун (AOAV) маалыматтарына караганда, Британиянын Коргоо министрлиги мурда 16 баланын өлүмү үчүн компенсация төлөп жатканын моюнга алса, бул сан азыр 64кө жетти.

Каза болгон балдардын чыныгы санынын 135ке жетиши мүмкүн экенине көңүл бурган AOAV, мунун себебинин каза болгондордун кээ бирлеринин Министрликтин документтеринде «уул-кыздары» деп жазылганы, жашы жана өлүм шарттары тууралуу кеңири маалымат берилбегендиги экенин кабарлады.

Британияда жайгашкан AOAV тарабынан 2006-2014-жылдар аралыгында алынган маалыматтарга караганда, абадан кол салуулар жана ок атышуулардын тизмеленген эң көп өлүм себептеринин арасында экени маалымдалды.

Бир тараптан, Коргоо министрлиги ар бир өлүмдүн жагдайларын майда-чүйдөсүнө чейин жетиштүү далилдер менен камсыз кылбаганы, ал эми кээ бир учурларда баланын өлүмүнө алып келген себептер документтерде кыскача жазылганы баса белгиленди.

Каза тапкан балдар үчүн орто эсеп менен 1656 фунт стерлинг компенсация төлөнүп берилгенин билдирген AOAV, доогерлерден төлөм аткарылардан мурун көбүнчө фотосүрөт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана колдоо каттарын берүүлөрү талап кылынарын белгиледи.

Ошондой эле өтүнүч менен кайрылгандардын көбүнүн талиптер менен байланышы бар-жогун аныкташ үчүн британиялык кызматкерлер менен расмий түрдө жолуккандары айтылды.



Тектеш кабарлар