Британияда университет кызматкерлери иш таштоого барышат

Британияда 70 миңден ашуун университет кызматкери айлык акы, пенсия жана эмгек шарттары боюнча пикир келишпестиктерден улам 3 күн бою иш таштоо чечимин кабыл алды.

1904078
Британияда университет кызматкерлери иш таштоого барышат

Британияда 70 миңден ашуун университет кызматкери айлык акы, пенсия жана эмгек шарттары боюнча пикир келишпестиктерден улам 3 күн бою иш таштоо чечимин кабыл алды.

Университет жана Колледж Профсоюзунан (UCU) билдирүүсүндө, 150 университетте 70 миңден ашуун окутуучу жана башка кызматкерлердин  24 -  25 жана 30 - ноябрда иш таштай тургандыгы билдирилди.

Профсоюздун талабынын кызматкерлердин кризис менен күрөшө алышы үчүн айлык акыны жогорулатуу жана кооптуу келишимдерди токтотуу экендиги баса белгиленген билдирүүдө инфляция 10 пайыздан ашкан өлкөдө 3 пайыздык өсүү сунушунун кабыл алынбай тургандыгы билдирилди. 

 

Билдирүүдө эгерде иш берүүчүлөр ыкчам аракет кылып, жакшыртылган сунуштарды сунуштаса, пайда болушу мүмкүн болгон үзгүлтүккө жол бербөөгө боло тургандыгы белгиленди.

Улуттук студенттер биримдиги NUS да профсоюздун иш таштоо чечимин колдой тургандарын жарыялады.

Британияда энергетика жана азык-түлүк бааларынын өсүшү менен жогорулаган  инфляция сентябрь айында жылдык 10,1 пайыз менен акыркы 40 жылдын эң жогорку деңгээлине жетти.

Инфляция акыркы жылдарда эң жогорку деңгээлде болгон өлкөдө, инфляциянын астында сунушталган айлык акынын көтөрүлүшүнө байланыштуу акыркы жумаларда ар кайсы тармактагы көптөгөн профсоюздар жамааттык иш таштоо чечимин кабыл алышты.

Жакынкы жумаларда медсестралар өлкөдө биринчи жолу иш таштоого даярданып жатышат.

 

 



Тектеш кабарлар