Байден Нетаньяхуну куттуктады, Зеленский Киевге чакырды

Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер күнүмдүк маалымат жыйынында Байден менен Нетаньяхунун телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн билдирди.

1903666
Байден Нетаньяхуну куттуктады, Зеленский Киевге чакырды

АКШнын президенти Жо Байден Израилде  шайлоодон ийгиликтүү чыккан Беньямин Нетаньяхуну куттуктады.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер күнүмдүк маалымат жыйынында Байден менен Нетаньяхунун телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн билдирди.

Жо Байдендин Нетаньяхуга телефон чалып шайлоодогу ийгилиги менен куттуктаганын белгилеген Жан-Пьер, АКШнын президентинин  Израилди «эркин жана адилеттүү шайлоо» өткөргөндүгү үчүн куттуктаганын айтты.

Байдендин эки өлкөнүн ортосундагы күчтүү өнөктөштүккө басым жасаганын белгилеген Жан-Пьер : "Байден Израилдин коопсуздугуна карата туруктуу колдоосун дагы бир жолу кайталады",- деди.  

АКШнын Израилде өкмөт түзүү процессин жакындан байкаганын белгилеген Жан-Пьер бул өкмөт менен иштешүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатышканын айтты.

Нетаньяху Твиттердеги билдирүүсүндө Байдендин өзүнө телефон чалып куттуктаганын белгилеп : «Байден Израиль жана АКШ союздаштыгынын ар дайымкыдан дагы күчтүү экендигин айтты»,- деди.

Байденге Израилге болгон достук мамилесинен улам ыраазычылык билдирген Нетаньяху : « Эң көп тынчтык келишиминин түзүлүшү жана Иран коркунучу менен күрөшүү биздин күчүбүздө экендигин айттым»,- деп билдирди.

Бир тараптан Украинанын президенти Зеленский Израилде шайлоодон ийгиликтүү чыккан Беньямин Нетаньяхуну  Киевге чакырды.

Нетаньяхунун кеңсесинен берилген маалыматка караганда Зеленский менен Нетаньяхунун ортосунда дүйшөмбү күнү кечинде телефон аркылуу сүйлөшүү өттү.

Шалоодогу ийгилигинен улам куттуктаган Зеленскийге ыракмат айткан Нетаньяху сүйлөшүүдө  шайлоо компаниясында убада бергендей кызматка келгенден кийин Украина маселеси тууралуу «олуттуу ойлонорун» кайталады.

Твиттерден маалымат берген Зеленский Нетаньяхуга Украина менен Израилдин эки өлкө бетме  - бет келген коопсуздук сыноолор менен шайкеш келерине ишенгендигин билдирди.  

Израиль гезити «Едиот Ахаранот» болсо атын билдирүүнү каалабаган украиналык жетекчилерге таянып, Зеленскийдин Нетаньяхудан өлкөсү үчүн курал сурагандыгын жазды.

 



Тектеш кабарлар