Пакистанда Имран хан кайрадан жүрүш баштайт

Күн сайын телевидениеде сөз сүйлөй турганын билдирген Хан:«Мен жүрүштү Равалпиндиден алып барам. Равалпиндиге жеткичекти 10—15 күн керек»,-деди.

1902738
Пакистанда Имран хан кайрадан жүрүш баштайт

Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хан кол салуу болгон Вазирабаддан борбор калаа Исламабадга кайрадан жөө жүрүш баштай турганын жарыялады.

Улуттук маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Лахордо дарыланып жаткан ооруканада басма сөз кызматкерлерине маалымат берген Хан, өзү жетектеген Пакистан Адилеттик Кыймыл партиясынын (PTI) 8-ноябрда Вазирабаддан жүрүшүн баштаарын жана ал Равалпиндиден катыша тургандыгын айтты.

Күн сайын телевидениеде сөз сүйлөй турганын билдирген Хан:«Мен жүрүштү Равалпиндиден алып барам. Равалпиндиге жеткичекти 10—15 күн керек»,-деди.

Премьер-министр Шахбаз Шариф, ички иштер министри Рана Санаулла жана Кызматтар аралык чалгындоо (ISI) башчысынын орун басары генерал-майор Фейсал Насирдин өзүнө каршы жасалган кол салуу планынын артында турганы жөнүндөгү дооматтарын уланткан Хан:«Мен аты-жөнүн атаган бул адамдар тергөөнүн башында турса, соттук комиссия эмне кылат?»- деген сөздү колдонгон.

Хан бул ысымдардын кызматтан кетиши керектигин айтып, мунун ачык иликтөө үчүн зарыл экенин баса белгиледи.

Пенджабда PTIнын өкмөттө болгонуна карабастан кол салуучунун тергөө материалдары басма сөзгө жайылып кеткенин эске салган Хан, мунун кантип мүмкүн экенин сурады.

Хан кол салуудан бери бир нече күн өтсө да, полиция FIR (Баштапкы маалымат отчету) түзгөн эмес деп билдирип:«Мен бул үч адам бул кол салууну кутум менен жасаган деп толук ишенем. Алар FIR түзүшпөйт, анткени мен ISI вице-президенти Насирдин ысымын атадым»,-деди.

Пакистанда кылмыш жасалгандыгы тууралуу жабырлануучунун арызы боюнча полиция тарабынан даярдалган жазуу жүзүндөгү документ "FIR" деп аталат.

Пакистандын премьер-министри Шариф, Имран Ханга каршы куралдуу кол салууга катыштыгы бар деген айыптоолорду четке кагып, «Эгер менин бул кутумдун бир бөлүгү экеним далилденсе, кызматтан кетем»,-деп айтты.

Пакистанда 10-апрелде парламентте ишеним көрсөтпөө добушу менен Имран Хандын өкмөтү 174 «каршы» добуш менен кулады.

Хан 28-октябрда коалициялык өкмөт мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялабаганы үчүн Лахордон Исламабадга жөө жүрүштү баштаган.

3-ноябрда Вазирабадда анын колоннасына ок атылганда Хан эки бутунан жарадар болгон. Кол салууда 1 адам каза болуп, 13 киши жарадар болгон.



Тектеш кабарлар