Владимир Путин кооптуу аймактардан жарандардын чыгарылышы керектигин айтты

Путин Россияда белгиленген Улуттук биримдик майрамынан улам жаштар менен жолугушуп, күн тартибине байланыштуу маалымат берди.

1902502
Владимир Путин кооптуу аймактардан жарандардын чыгарылышы керектигин айтты

Россиянын президенти Владимир Путин Украинанын аннексияланган Херсон аймагындагы жарандардын кооптуу аймактардан чыгарылуусу керектигин айтты.

Путин Россияда белгиленген Улуттук биримдик майрамынан улам жаштар менен жолугушуп, күн тартибине байланыштуу маалымат берди.

Украинанын Россия тарабынан аннексияланган Херсон аймагында кагылышуулардын уланып жатканын белгилеген Путин : «Херсондо жашаган адамдар кооптуу аймактардан чыгарылышы керек. Анткени жарандар бомбалоого, же кандайдыр бир кол салууга, аскердик операциялар тууралуу башка кыймылдарга дуушар болбошу керек»,- деди.

Мындан мурда өлкөдө жарым - жартылай мобилизация жарыяланганын жана армияга чакырылгандардын санынын 318 миң экенин белгилеген Путин алардын 49 миңинин армияда болгонун жана аскердик милдетин аткарганын, калгандарынын аскердик билим алганын айтты.



Тектеш кабарлар