Папа Украинадагы согушту акырына чыгарууга чакырды

Франциск диндердин  тынчтыктын жолун көрсөтүүгө милдеттүү экенин айтты.

1902521
Папа Украинадагы согушту акырына чыгарууга чакырды

Католиктердин руханий лидери жана Ватикандын президенти, Рим папасы Франциск Украинада уланып жаткан согушту токтотууга жана тараптарды олуттуу сүйлөшүүлөрүн баштоого чакырды.

Папа Франциск Бахрейндин Сихейр аймагындагы Сихейр королдук сарайында өткөрүлгөн «Бахрейн диалог форуму: адамдардын бирдикте жашоосу үчүн Чыгыш жана Батыш» деген жыйындын  жабылышында сөз сүйлөдү.

Россиянын Украинага кол салуусунун алдында   дүйнөдөгү чыр - чатактарды, курал колдонууну жана өзөктүк курал колдонуу коркунучун сынга алган Франциск : "Трагедиялуу сценарийге күбө болуудабыз. Биз баарына кам көрүүнүн ордуна, көз жашы жана өлүмгө алып келген ок, ракета, куралдар менен ойноп жатабыз",- деди.

Папа Франциск: "Украинада уланып жаткан согушту токтотууга жана тараптардын олуттуу сүйлөшүүлөрүн баштоого чакырабыз",-деди.

Франциск диндердин  тынчтыктын жолун көрсөтүүгө милдеттүү экенин айтты.

 



Тектеш кабарлар