Хусейин Эмир Абдуллахиян Россияга ракета бергендери тууралуу айтылгандардын чындык эмес экенин айтты

Абдуллахиян Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен сүйлөшүүсүндө далилдерди көрсөтүү боюнча  макулдашканын белгиледи.

1902559
Хусейин Эмир Абдуллахиян Россияга ракета бергендери тууралуу айтылгандардын чындык эмес экенин айтты

 Ирандын тышкы иштер министри Хусейин Эмир Абдуллахиян 24 - февралда Украинадагы согуш башталардан айлар мурда Россияга чектелген сандагы учкучсуз учуучу аппараттарды жөнөтүшкөндөрүн, бирок бул өлкөгө ракета жеткиргени тууралуу айтылгандардын чындыкка жатпай турганын айтты.

Ирандын расмий ИРНА агенттигинин кабарына караганда, Абдуллахиян басма сөзгө билдирүү жасап, Ирандын учкучсуз учактары жана ракеталары Украинадагы согушта колдонулган деген айыптоолорду четке какты.

Абдуллахиян : «Кээ бир батыш өлкөлөрүнүн ракеталар тууралуу айткандары толугу менен туура эмес, бирок учкучсуз учактарга байланыштуу кээ бир маселелер чындык. Украинадагы согуштан айлар мурда Россияга чектелген сандагы учкучсуз учуучу аппараттарды бергенбиз»,-деди.

Иран министри бул учкучсуз учактар ​​Украинадагы согушта колдонулган деген дооматтарды иликтөөгө даяр экенин билдирип : «Албетте, эгер Россия Украинага каршы согушта Ирандын учкучсуз учактарын колдонгондугу далилденсе, биз бул маселеге кайдыгер карабайбыз»,- деди.

Абдуллахиян Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен сүйлөшүүсүндө далилдерди көрсөтүү боюнча  макулдашканын айтты.

Бул темада эки өлкөнүн эксперттери үчүн жолугушуу пландалганын белгилеген Абдуллахиян Украинанын акыркы учурда АКШ  жана Германиянын кысымы астында жыйынга катышуудан баш тартканын айтты.

Абдуллахиян АКШнын президенти Жо Байдендин : “Биз Иранды боштондукка чыгарабыз” деген сөзүн да карап чыгып : «Америкалык жетекчилер  АКШ президентинин ойлобостон айткан билдирүүлөрүнөн кийин дароо бул маселени оңдоп, АКШнын мындай позициясы жок экенин дипломатиялык каналдар аркылуу бизге жеткиришти»,- деди.



Тектеш кабарлар