Европол кылмыштуу уюмдарга карата операция жүргүздү

Европа Биримдигинин полиция уюму Европол 26 – 29 - октябрь күндөрү Балкан жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндө кылмыштуу уюмдарга каршы жүргүзүлгөн операцияларда 382 кишинин кармалганын жарыялады.

1902548

Европолдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Eurojust, Frontex жана INTERPOL менен Европа Биримдигине мүчө 28 өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнүн колдоосу менен жүргүзүлгөн операцияларга 16 миң кызматкер катышканы белгиленди.

Маалым болгондой, кармалган 382 адамдын 159зу мигранттарды аткезчилик менен, 112си баңгизат, 38и курал аткезчилиги, 2си адам сатуу жана 71и башка кылмыштар менен кармалган.

Операциялардын алкагында 32 миң 665 унаа жана 998 жерде тинтүү жүргүзүлгөндүгү, 75 миң адамдын өздүгү такталып, 2 тоннага жакын баңги заты, 5 миң 402 марихуана өсүмдүгүнүн тамыры жана көптөгөн ок атуучу курал колго түшүрүлдү.

Европол бул операциялардын натыйжасында 130 жаңы тергөө ачылганын билдирди.

Тектеш кабарлар