Түндүк Корея Түштүк Корея деңиз чек арасына артиллериялык ок атты

Түндүк Корея менен АКШ - Түштүк Корея - Япония альянсынын ортосундагы чыңалуу аймактагы коопсуздук тынчсызданууларын арттырып, Пхеньяндан дагы бир кооптуу кадам жасалды.

1902111
Түндүк Корея Түштүк Корея деңиз чек арасына артиллериялык ок атты

Түштүк Корея армиясы Түндүк Кореянын эки өлкөнүн ортосундагы деңиз чек ара жакындарындагы сууларга 80ге жакын артиллериялык ок аткандыгын билдирди.

Түндүк Корея менен АКШ - Түштүк Корея - Япония альянсынын ортосундагы чыңалуу аймактагы коопсуздук тынчсызданууларын арттырып, Пхеньяндан дагы бир кооптуу кадам жасалды.

Түштүк Корея армиясынан берилген маалыматта Түндүк Кореянын кечээ кечинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:28де эки өлкөнүн ортосундагы деңиз чектеринин түндүгүндөгү сууларга 80ге жакын артиллериялык ок аткандыгы билдирилди.

Атуулардын Түндүк Кореянын Кангвон штатындагы Кумганг аймагына жакын жерде ишке ашырылгандыгы аныкталып, артиллериялык октордун деңиз чек арасы линиясынын түндүгүндөгү буфердик аймакка келип түшкөндүгү белгиленди. Деңиз чек арасындагы буфердик аймакка карата кол салуунун 2018 -жылы Түндүк Корея жана Түштүк Кореянын ортосунда биргелешкен чек аралар боюнча кагылышууларды алдын алуу үчүн кол коюлган аскердик келишимдин бузулушу деген мааниге келгендиги кайталанды.

Акыркы мезгилде ракета сыноолору менен алдыңкы орунга чыккан Түндүк Корея Түштүк Кореянын деңиз чек арасына карай артиллериялык аткылоосун ылдамдатып, акыркысы 2-ноябрда Пхеньяндын Кангвондогу Косонг аймагынан чек ара линиясынын түндүгүндөгү буфердик аймакка 100гө жакын артиллериялык ок аткан.



Тектеш кабарлар