Европадагы температура дүйнөлүк температуранын деңгээлинен эки эседен ашык жогорулады

Дүйнөлүк метеорологиялык уюм (WMO) жарыялаган Европадагы климаттык абал боюнча баяндамада континенттеги 1991-жылдан 2021-жылга чейинки жылуулуктун деңгээли бааланган.

1901356
Европадагы температура дүйнөлүк температуранын деңгээлинен эки эседен ашык жогорулады

Акыркы 30 жылда Европадагы жылуулуктун деңгээли дүйнөлүк температурадан эки эседен ашык жогорулады.

Дүйнөлүк метеорологиялык уюм (WMO) жарыялаган Европадагы климаттык абал боюнча баяндамада континенттеги 1991-жылдан 2021-жылга чейинки жылуулуктун деңгээли бааланган.

Маалыматка ылайык, бул убакыт аралыгында Европа боюнча температура ар 10 жыл сайын 0,5 градус Цельсийге көтөрүлүп, дүйнөлүк деңгээлден эки эсе жогору болгон.

Температуранын өзгөчө жогорулашынан улам Альп тоолорундагы мөңгүлөр 2021-жылга чейин 30 метрге жукарса, Гренландиядагы муз катмарларынын өтө эриши деңиз деңгээлинин болуп көрбөгөндөй көтөрүлүшүнө алып келди.

Баяндамада көз караштары камтылган WMOнун баш катчысы Петтери Таалас, Европа боюнча бул статистика аба ырайынын жана климаттык окуялардын катаал шартында эч кимдин коопсуз эмес экенин көрсөтүп жатканын белгиледи.

Талас:"2021-жылы Европанын көпчүлүк аймактарында катуу ысык толкундар, кургакчылык жана токой өрттөрү болуп, ошол эле учурда катуу суу ташкындары өлүмгө алып келди",-деп айтты.

Таалас Европа боюнча парник газдарынын эмиссиясынын олуттуу кыскарышын оң деп тапканын билдирди.

Таалас: "Кылымдын ортосуна чейин Париж келишимин аткаруу үчүн көмүртектен арылган нейтралдуу позицияга жетүү үчүн Европа негизги ролду ойной алат",-деди.



Тектеш кабарлар