Килиманжаро тоосунда өрт чыкты

Танзаниянын Коргоо күчтөрүнүн билдирүүсүндө, армияга өрттү өчүрүү буйругу берилгени жарыяланды.

1900945
Килиманжаро тоосунда өрт чыкты

Танзания Африканын эң бийик тоосу Килиманжародо эки аптадан бери өчпөй жаткан өрт менен күрөшүүгө жүздөгөн аскерлерди жөнөттү.

Танзаниянын Коргоо күчтөрүнүн билдирүүсүндө, армияга өрттү өчүрүү буйругу берилгени жарыяланды.

Аскердик бөлүктөрдүн тоонун Сиха жана Мвика аймактарына жеткени билдирилген маалыматта, армиянын жарандар жана берки тараптар менен кызматташтыкта ​​иштей турганы белгиленди.

21-октябрда чыгып, андан соң көзөмөлгө алынган өрт бир нече күндөн кийин ар кайсы аймактарда кайра уланган.

Туристтер көп барган аймактагы өчүрүү иштерине жарандар менен гиддердин да катышканы кабарланды.

Жыл сайын миңдеген туристтер чыккан Килиманжаро тоосунда 2020-жылы өрттүн кесепетинен 95 чарчы километр аянт күйүп кеткен.

Дүйнөдөгү эң бийик тоолордун бири болгон Килиманжаронун чокусу деңиз деңгээлинен болжол менен 5900 метр бийиктикте жайгашкан.



Тектеш кабарлар