Сергей Шойгу согушка байланыштуу маалымат берди
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу акыркы 2 аптада Украинада 190дон ашуун чет элдик жалданма согушкердин зыянсыздандырылып, 74 танк жана 235 бронетехниканын жок кылынганын билдирди.

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу акыркы 2 аптада Украинада 190дон ашуун чет элдик жалданма согушкердин зыянсыздандырылып, 74 танк жана 235 бронетехниканын жок кылынганын билдирди.
Шойгу борбор шаар Москвада аскердик жетекчилер менен жолугушууда 24 - февралдан бери уланып жаткан Россия - Украина согушуна байланыштуу маалымат берди.
Россияда 21 - сентябрда жарыяланган жарым - жартылай мобилизациянын алкагында 300 миң кишинин армияга чакырылганын белгилеген Шойгу мобилизациянын алкагындагы иш - чаралардын аяктаганын эске салды.
Мобилизациялангандардын ок атуучу полигондордогу машыгууларынын бүтүү алдында турганын белгилеген Шойгу : «87 миң киши машыгуудан кийин кагылышуу болгон аймактарга жөнөтүлдү»,-деди.
Министр Шойгу орус армиясынын Украинадагы аракеттери тууралуу маалымат берип : «Акыркы 2 жумада 190дон ашуун чет элдик жалданма согушкер, 74 танк, 235 бронетранспортёр, 2 HIMARS көп стволдуу ракета аткыч жана 268 оор пулемет унаасы жок кылынды»,- деди.
Украинанын аскердик инфраструктура элементтерине жогорку тактыктагы куралдар менен кол салууну уланткандарын белгилеген Шойгу бул кол салуулардын Украинанын аскердик потенциалын азайтканын белгиледи.
Тектеш кабарлар

Бельгия бир атомдук реакторун жабууда
Бельгияда 40 жылдан бери иштеп жаткан Тиханге 2 өзөктүк реактору бүгүн туруктуу жабылат.