Польша жана АКШнын коргоо министрлери сүйлөштү

Сүйлөшүүдө Россия - Украина согушундагы акыркы абалды талкуулады.

1900367
Польша жана АКШнын  коргоо министрлери сүйлөштү

Польшанын коргоо министри Мариуш Блашчак америкалык кесиптеши Ллойд Остин менен 24-февралдан бери уланып жаткан Россия - Украина согушундагы акыркы абалды талкуулады.

Блашчак твиттерден берген билдирүүсүндө : «Остин менен Польшадагы Американын бөлүктөрү, аскердик жана модернизация кызматташуусу тууралуу темаларды да сүйлөштүк»,- деп билдирди.

Остин да билдирүүсүндө : «Блашчак менен Украинага коопсуздук боюнча жардам көрсөтүү жана НАТОнун бөгөт коюу күчүнүн күчтүү бойдон калышын камсыздоо боюнча жакын өнөктөштүгүбүз тууралуу сүйлөштүм»,- деп билдирди.

Украинага колдоо көрсөтүүдө Польшанын лидерлигине көңүл бурган Остин кызматташтыктын маанисин баса белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар