Норвегияда тик учак кырсыкка учурады

Кырсыкта 2 адам каза болуп, 1 адам оор жаракат алды.

1900673
Норвегияда тик учак  кырсыкка учурады

Норвегияда тик учактын кырсыкка учурашы менен 2 адам каза болуп, 1 адам оор жаракат алды.

Полиция кызматкерлери Вердал аймагындагы кырсыктан кийин  издөө - куткаруу иштеринин башталганын билдирди.

Жетекчилер тик учактагы 3 кишинин экөөсүнүн каза болгонун, 1 кишинин оор жараланганын билдирди.

Кырсыктын тик учактын аба ырайынын начардыгынан улам эл жыш жайгашкан аймактардын тышындагы бир аймакта бир нече жолу ийгиликсиз конуу аракетинен кийин болгондугу белгиленди.

Кырсыктын себептерин иликтөө үчүн коопсуздук күчтөрү менен Норвегиянын авиакырсыкты иликтөө комиссиясынын кызматташканы белгиленди.



Тектеш кабарлар